Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Обама: Нобелди алуу мен үчүн чоң сыймык


АКШнын президенти Барак Обама быйыл тынчтык боюнча Нобелди “эларалык дипломатияны бекемдөөгө” жасаган аракети үчүн алды. Буга чейин АКШнын эки президенттери Теодор Рузвелт менен Вудро Вилсон да мамлекет башчылыгы учурунда Тынчтык боюнча Нобелди алышкан. Бүгүн Нобел комитети Обаманын ысмын атап жатып, ал “дүйнөлүк саясатта жаңы жагдайды жаратканын”, өзөктүк куралсыздандыруу үчүн үлкөн аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. Обамага сыйлык Ослодо 10-декабрда ыйгарылат. АКШнын президенти бул жаңылыкты уккандан кийин, абройлуу сыйлыкка ээ болуу ал үчүн сыймык экенин айтты.

Тынчтык боюнча бул абройлуу Нобел сыйлыгын Барак Обама алганы көпчүлүк үчүн күтүүсүз окуя болду. Анткени ал президент катары кызматына киришкенине болгону тогуз ай болгон. Ошентсе да, анын дүйнөлүк саясатта элдешүүгө, мунаса табууга болгон аракеттери көп нерсени өзгөрттү деп жатышат. Мындай ойлорун бүгүн Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу, ооган президенти Хамид Карзай билдиришти. Палестинанын жетекчилиги болсо Обаманы куттуктап, ал “Жакынкы Чыгышта тынчтыкты куруу аракеттерине жаңы дем берет го” деп үмүттөнөөрүн айтты. Ал эми Талиптердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид “Ассошиэйтед пресске”: “Обама Ооганстанда тынчтыкка жетишүү үчүн бир да аракет жасай элек”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG