Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Бүгүн өлүм жазасына каршы туруунун эл аралык күнү


Буга байланыштуу Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Бишкек шаарында акция уюштурушуп, жакында эле айрым чиновниктердин өлүм жазасын кайра алып келүү керектиги тууралуу демилгелерине каршылыгын билдиришти. “Жарандар коррупцияга каршы”, “Карек” укук коргоо уюмдары жана “Түрмөдөгүлөрдүн укуктарын коргоо комитети” уюштурган акция өкмөт үйүнүн алдында, андан соң Эркиндик гүлбагында жана Ленин райондук сотунун мандайында өттү.

Жыйырмага чукул милиция эскертүү берип, коштоп жүрүшкөнүнө карабай акция уюштуруучулары өлүм жазасына кайра кайрылбоо тууралуу жазууларын көтөрүп турушту.

Эскерте кетсек, өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Мурат Суталинов менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жаза кодексиндеги эң жогорку жаза түрү болгон өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү маселесин көтөрүп чыгышкан.

Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы алынып салынган. (IJz)

XS
SM
MD
LG