Польша президенти Лех Качински Лиссабон келишимине кол койду. Келишим Европа биримдигин реформалоонун жол жоболорун камтыйт. Варшавадагы кол коюу аземи Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозонун катышуусунда өттү. Польшанын лидери “жаңы, ири экспериментке” барып жатканын белгиледи. Былтыр өлкөнүн парламенти келишимди жактырганы менен президент ага кол койбой келди. Эми 27 өлкөнүн ичинен документти Чехия мамлекет башчысы Вацлав Клаус гана ратификациялай элек. Президент конституциялык соттун бүтүмүн күтүп жатат.