Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Медведев Обаманы куттуктады


Орус президенти Дмитрий Медведев Нобел тынчтык сыйлыгынын Барак Обамага ыйгарылышы эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртууга кошумча стимул берет деген үмүтүн ортого салды. Медведев Обаманы куттуктаган билдирүүсүндө, Нобел комитетинин кадамы "глобалдуу өнүгүүнүн динамикасы реалдуу кабыл алынып жатканын дилилдейт" деди. Обама администрациясы АКШ-Россия мамилелерине жаңы дем берүүгө убада кылган. Мурдагы президенттер Жорж Буш менен Владимир Путиндин тушунда эки өлкөнүн мамилелери бир топ сууй түшкөн.

XS
SM
MD
LG