Кечээ бир нече өлкөнүн улуттук командалары футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. Европада Германия Россияны 1-0 эсебинде жеңип, квалификацияланды. Андан тышкары Түштүк Африкага Сербия, Дания жана Италия жөнөмөй болушту. Украина Англияны 1-0 эсеби менен утуп, үмүтүн жогото элек. Түштүк Америкада электен Чили өттү. Түндүк Америкада АКШ менен Мексика жолдомо алышты. Эмки жылы өтө турган мелдешке 32 команда катышат, азырынча 19 өлкө квалификацияланды.