Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

“Алтын” холдингинин жетекчиси кармалганы кабарланууда


“Алтын” зергердик холдингдин жетекчиси Антонина Бабосюк өткөн жуманын аягында Москвадагы үйүндө кармалганын Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилүү болгондой Кыргызстандагы зергердик заводдордо даярдалган жасалгаларды сатуу менен шугулданган “Алтын” зергердик холдингинин Орусиядагы жана Казакстандагы дүкөндөрү мурдагы аптанын аягында Орусиялык күч органдары тарабынан жабылган болчу. Аталган холдинг ээлерине Казакстан аркылуу алтын, күмүш жана баалуу таштарды мыйзамсыз алып кирген деген айып тагылганы кабарланган.

“Алтын” холдингинин Кыргызстандагы дүкөндөрү кадимкидей иштеп жатат. КР ИИМ басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, “Алтын” холдингинин же анын жетекчилигинин Кыргызстандагы мыйзамсыз аракеттери тууралуу эч кандай маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG