Бүгүн Жогорку Кеңештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети жыйын курат. Анда Социалдык фонддун 2009-жылдагы бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолдор боюнча мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү маселеси талкууланат. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жыйында ошондой эле жүрөк оорусун азайтуу иш-аракеттер боюнча саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов баяндама жасайт. (EBM)