Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ борборун бизнесте колдонуу боюнча семинар өтөт


15-октябрда Бишкектеги “Хаят” мейманканада “Манас” аба майданындагы Кошмо Штаттардын транзиттик борборун ишкерлик максатта пайдалануу боюнча кыргыз-америка аралык семинар өтөт. Америкалык соода палатадан маалымдашкандай, бул иш-чаранын максаты кыргыз ишкерлерине АКШдан жаңы соода өнөктөштөрдү табууга колдоо көрсөтүү, транзиттик борбор аркылуу АКШ өкмөтүнүн долбоорлору боюнча тендерлерге катышуу тууралуу маалымат берүү эсептелет. Семинардын жүрүшүндө аталган борбордун өкүлдөрү ишкерлер менен кызматташуунун жол-жоболору боюнча кеңири айтып беришмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG