Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Бишкек: Е.Жовтисти колдоп акцияга чыккандар бошоду


Кыргызстандагы казак элчилигинин алдында укук коргоочу Евгений Жовтисти колдоп акция өткөргөнү жатып кармалган укук коргоочулар бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бири “Эркиндиктин үнү” корунун мүчөсү Сардар Багышбеков билдирди. Анын айтымында, аларга Ленин райондук тартип коргоо органдары эскертүү берип бошотту. Бирок акцияга чыккандар бул эскертүү менен макул эмес, анткени эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, дейт С. Багышбеков. Кыргызстандык укук коргоочулар казакстандык кесиптешин колдоп акцияларын дагы уланта беришерин билдиришти. Казакстанда Е. Жовтис адам өлүмүнө алып келген жол кырсык үчүн айыпталып төрт жылга эркинен ажыратылган. Айрым укук коргоочулар анын соттолушун ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG