Клуб мүчөлөрү 16-октябрда алгачкы жолу чогулушуп, режиссер Кост Гавростун “Mad City” (1997) тасмасын талкууга алышат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги Internews өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Internews уюмунун демилгесинде ачылган киноклубда Front Line англис клубунун документалдуу тасмалары да көрсөтүлүп турат. Ошондой эле телевизиондук документалистикага ык алган журналисттер клубда өз эмгектерин көрүүчүлөр сынына кое алышат. (EK)