Июль айындагы уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусуна байланыштуу алтоо киши өлтүргөн деген жана башка айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. "Синхуа" расмий кабар агенттигине ылайык, Үрүмчүдө сот дагы бир кишини өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кести. Мусулман уйгур азчылыгы менен хан кытайлардын ортосундагы тополоңдо 200 чакты кишинин каны төгүлгөн.