Ички иштер министрлиги тамекинин зыяндуулугун эскерткен бир айлык акциясын баштады. Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурулууда. Айлык алкагында тамекини сатуу, чегүү мыйзам чегинде кандай жүрүп жатканы текшерүүгө алынат. Милиция кызматкерлери рейд маалында жашы жете электерге тамеки саткандарга өзгөчө чара көрүшөт. Орто мектептерде окуучулар үчүн тамекинин зыянын түшүндүргөн лекциялар окулуп, маектер уюштурулат. ИИМдин билдирүүсүндө жыл башынан бери тамекинин түтүнүнөн жарандарды коргоо мыйзамын бузгандыгы үчүн 1981 административдик протокол түзүлгөн. (EK)