Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ооган шайлоосу боюнча БУУнун бөлүмүндө чыр чыкты


Бириккен улуттар уюмунун демилгеси менен түзүлгөн комиссия 20-августта өткөн шайлоодогу “бурмалоолорду иликтемек”. Андагы эки оогандын бири “комиссиядагы чет-өлкөлүктөр өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатышат” деп, кызматынан чегинди. Маулави Мустафа Баракзайдын айтымында, комиссиядагы америкалык, канадалык жана голландиялык өкүлдөр бүт чечимди оогандыктар менен талкуулабай эле өздөрү каалагандай кабыл алышат. Бирок комиссия бул айыптоону четке кагып, соңку окуя ишти улантууга тоскоол болбойт деп билдирди. Ооганстанда өткөн президенттик шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы дале толук чыгарыла элек.

XS
SM
MD
LG