Путин бүгүн Кытайдын өкмөт-башчысы Вэн Цзябао менен жолугушат. Алар энергетика, инфраструктура жана телекоммуникация тармактарында жалпысынан 5 млрд.доллардан ашуун акчага бааланчу келишимдерге кол коюшаары күтүлүүдө. Путин менен бирге Кытайга бул жолу 100дөн ашуун орус ишкерлери да барышкан. Кытай Орусиянын Евробиримдиктен кийинки экинчи ири өнөктөшү деп эсептелинет.