“Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн англис, орус тили, бычып-тигүү жана компьютер боюнча үч айлык курстарды уюштуруп жатат. Бүгүн аталган борбор Бишкектеги майыптар коому менен ушул багытта кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Долбоорго ылайык, жалпысынан алтымыштай мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыз окуп, сертификат алат. Алар даярдаган буюм-тайымдарды Туризм агенттиги Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде жарманкелерди уюштуруп сатканга жардам бермекчи. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 120 миңден ашат жана алардын жарымына жакынын жаштар түзөт. (EBM)