Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын тогуз ай ичинде 30дан ашуун жашы жете элек бала мушташтан каза болгон. Мурдараак көчө уруштары муштум менен мушташуудан ары өтпөй келген болсо, азыркы убактарда балдар ар түрдүү курал-жарактарды колдонууга өтүштү, дейт министр. М. Конгантиев бул тууралуу бүгүн ЖКнын жаштар, гендер саясаты, физкультура жана спорт комитетинин жыйынында билдирди. Аталган комитет 28-сентябрда Бишкекте №38 мектеп гимназиянын жана Республикалык олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда болгон кагылыш тууралуу маселени карады.
Белгилүү болгондой №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, милициянын күчү менен басылган.(ZKo)
Белгилүү болгондой №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, милициянын күчү менен басылган.(ZKo)