Бул туурасында адвокаттардын бири Касым Райымкул уулу “Азаттыкка” маалымат берди. Анын айтымына караганда, үйлөрү талкаланган күрт улутундагылар жана окуя учурунда ок жеген кыргыз улутундагылар баштагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартышууда. Алар беш айдан бери Петровка башаламандыгына тиешеси бар деп камалгандарды күнөөсүз деп билдиришүүдө. Ал эми Петровка айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков, “4 жашар кызды зордуктаган күрт жигитинин 20 жылга кесилиши менен айыл эли бир аз тынчыды”,- деген маалыматты “Азаттыкка” билдирди. (JJ)