Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Коомчулукту Балыкчы окуясынан кабарсыз кылуу аракети жүрүүдө


Социал-демократиялык партиянын парламенттеги депутаты Роза Отунбаева бийлик тарабынан атайылап Балыкчы окуясы боюнча маалыматты коомчулукка жеткирбөө аракеттери жүрүп жатат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Балыкчы окуясы боюнча жүрүп жаткан сот ишин маалымат каражаттарынын басымдуу бөлүгү чагылдырышкан жок, алар мындай соттук териштирүү болбогондой мамиле кылып жатышат. Бийликтин мындай аракет көрүүсүнө сотто жабырлануучулардын мурда берген арыздарынан, көрсөтмөлөрүнөн танып, иш таптакыр башка нукка бурулганы себеп, деп эсептейт Роза Отунбаева.

23-июлдагы президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болуп жатканына нааразылык билдирген жыйырма чакты адам Балыкчы шаардык администрациясына барган жерден “баш-аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды” деген айып менен милиция камакка алган. Алардын бир канчасы эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен үй камагына чыгарылган. Учурда Балыкчы окуясы боюнча 13 киши камакта.
Алардын үстүнөн сот иши 11-сентябрдан бери уланып келе жатат.

КР президентин шайлоо демократиянын жоболоруна жооп бербеген шартта, өтө одоно мыйзам бузуулар менен өттү деген баасын ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG