Гурбангули Бердимухамедов мамлекеттик ТүркмөнНефтеГазСтрой ишканасынын, мамлекеттик газ жана мунай компаниялары болгон ТүркмөнНефт менен ТүркмөГаздын жетекчилерин кетиргенин өкмөттүк маалымат каражаттары билдиришти. Ал Түркмөнстандын энергетика курулуштарынын сапатсыздыгын, шаар-кыштактарды газ менен камсыздоонун кечигишин жана «мунай өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон чаралардын жоктугун» сынга алды.