Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу Чехиянын президенти Вацлав Клаусту Лиссабон келишимине кол коюудан кылчактап жатканы үчүн сындады. Евробиримдиктин Конституциясынын өзгөртүлүп, “Лиссабон келишими” деген ат менен сунушталган вариантын биримдиктеги 27 өлкөнүн Чехиядан башка баары жактырган. Бирок чех президенти “айрым талаптар аткарылмайын, ага кол койбой турганын” кыйыткан. Келишимге ылайык, аны Евробиримдиктеги 27 мамлекеттин бирөө эле жактырбай койсо, ал күчүнө кирбейт. Ошондуктан Баррозу Клаусту “ортодо жасалма тосмолорду жаратпай, ага тезирээк кой койгонго” үндөдү.