Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Газ боюнча сүйлөшүүлөр уланат


“Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ташкентке жөнөп кетти. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” маалымат кызматы кабарлады. Учурда Кыргызстан газ үчүн карызынын 4,6 миллион долларынан кутулду. Саламат Айтикеев бул жолу өлкөнүн түштүгүнө газды жандыруу жана түндүгүнө киргизилген чектөөлөрдү жоюу, 2010-жылга карата газ алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Буга чейин маалым болгондой өзбек тарап Кыргызстан 19 миллион доллар карызын төлөгөндөн кийин гана 2010-жылга карата сүйлөшүүлөргө барарын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG