Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Медициналык академия 70 жылдыгын белгиледи


Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Курманбек Бакиев медицина тармагында жигердүү эмгектенген кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жыйында президент бул тармактагы кадрлардын жетишсиздигине токтолду. Ал акыркы мезгилдерде Кыргызстан өз кадрларын башка мамлекеттер үчүн гана даярдап жатканын айтып, мыкты кадрлардын жоктугунан акыркы мезгилдерде эне өлүмүнүн көбөйүшү, СПИД оорусунун таралышы өңдүү көрүнүштөр өсүп жатканын билдирди. Мунун бардыгына айлык акынын аздыгы кедергисин тийгизип жатканын белгилеген президент мындан ары медицина тармагын каржылоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Учурда Медициналык академияда 4200 студент окуйт. Алардын арасында жыйырма чакты чет мамлекеттин өкүлдөрү бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG