Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Бишкектеги аймак башкармалыгынын кассасы уурдалды


Биринчи май райондук акимиятынын алдындагы №12 жергиликтүү аймактык башкармалыктын кассасына өткөн түнү ууру кирип, андагы акчаларды шыпырып кеткени маалым болду. Башкармалыктын башчысы Светлана Спиридонова бүгүн эртең менен кызматкерлерге алардын кассадагы бир айлык эмгек акысы уурдалганын билдирген. Бирок 3-кварталдын башчысы Ирина Земляная жана башка бир катар кызматкерлер бул тоноо фактысы жетекчилик тарабынан финансылык мыйзам бузуулардын бетин жабуу максатында атайы уюштурулушу мүмкүн деген шектүү ойдо экендиктерин айтышууда. Анткени жакында шаардык кеңештин жана акимияттын комиссиясы Светлана Спиридонованын финансылык-экономикалык иштерин текшерип, бир топ мыйзам бузууларды аныктаган экен. Ошондуктан аны кызматтан алуу маселеси акимияттын жакынкы жыйынында каралмак. Светлана Спиридонова өз кезегинде жакында болгон текшерүүлөрдө анын ишинде эч кандай каржылык мыйзам бузуулар аныкталбаганын билдирди. Ал кассанын уурдалышына эч кандай тиешеси жоктугун, айрым кызматкерлердин "уурдоону жетекчилик уюштурушу мүмкүн" деген ойлорун суу кечпеген доомат катары баалады. (AzK)

XS
SM
MD
LG