Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

И.Исаковго байланыштуу сот жүрүп жатат


Бүгүн түштөн кийин Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу соттук жараян башталды. Ага каршы козголгон кылмыш ишти судья Серик Абиев карап жатат. Бул тууралуу адвокат Мукар Чолпонбаев билдирди.
Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон. Козголгон кылмыш иштерин Бишкек шаардык гарнизондук соту быйыл жыл башынан тарта карай баштаган. Соттук териштирүүлөр жүрүшүндө И.Исаков жана анын адвокаттары судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялаган. Бул арызды Жогорку Сот колдоп берген. Ошондуктан 9-октябрдан тарта Исаковго байланыштуу ишти жаңы судья карай баштады.(AiT)

XS
SM
MD
LG