Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаевдин Бээжинден билдирүүсүнө караганда, бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов Бээжинде Кытайдын Темир жол министри менен жолугушат. Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу маселе каралашы күтүлүүдө. Ошондой эле Игорь Чудиновдун Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушуусу да белгиленген. Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында бир нече документтерге кол коюлду. Алардын ичинде бажы кызматкерлерин биргелешип даярдоо, ШКУнун 2010-жылга бюджети, өкмөт башчылардын биргелешкен коммюникеси жана инфекциялык ооруларга каршы чаралар боюнча кайрылуу бар. (AiT)