Түркия жана Армениянын президенттери эки өлкө ортосундагы футбол матчын чогуу барып көрүшөт деп күтүлүүдө. Түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл жана Армениянын президенти Серж Саркисян Бурса шаарындагы оюн эки улуттун касташуусуна чекит коюуга жардамдашат деп үмүттөнүшөт. Беттешүү Армения менен Түркия дипломатиялык алака түзүү жана чек араны ачуу жөнүндөгү тарыхый документке кол койгондон көп узабай өткөрүлүүүдө. Бүгүнкү оюн кандай аяктабасын, эки өлкө тең 2010-жылкы Дүйнө чемпионатына квалификацияланбай калды. Бирок матчка “футбол дипломатиясынын” уландысы катары чоң маани берилүүдө. Былтыр Түркия президенти Ереванда өткөн матчка катышкан.