Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Казакстанда кыргызстандык эки автоунаа кырсыктады


Кыргызстандын Казакстандагы консулу Замир Казыбековдун “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, 14-октябрда таңга маал Караганда облсунун Актогай районунда кыргыз жарандары бар “Тойота-Превия” автоунаасы кырсыкка учураган. Тогуз киши бата турган автоунаада 11 киши болгон. Кырсык болгон жерде 8 киши каза тапкан. Үч киши ооруканага жеткирилген. Катуу келаткан ”Тойота-Превия” автоунаасынын арткы дөңгөлөктөрү жарылып кетип, автоунаа үч-төрт жолу томолонуп кеткен. Бүгүн күндүзү ошол эле Астана-Алма-Ата жолунда кыргыз жарандары бар дагы бир автоунаа кырсыкка учурап, анда төрт киши жабыркаган. Экинчи кырсыктан каза болгондор жок.
Эки өлкөнүн тийиштүү органдары каза болгондордун кимдигин аныктоо жана алардын сөөгүн мекенине жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG