Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

ЕККУ сөз эркиндиги боюнча конференция өткөрөт

Бүгүн Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Борбор Азиядагы сөз эркиндиги жана журналистика боюнча 11-жыйынын баштайт. Анда Борбор Азия аймагындагы журналистердин коопсуздугу жана абалы талкууланып, маалыматтык-коммуникация технологиясы өнүккөн бүгүнкү заманда калем ээлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү маселелери каралат. Конференциянын катышуучулары тажрыйба алмашып, эл аралык эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү атайын баяндамалары менен чыгышат. Иш-чаранын соңунда жыйындын катышуучулары декларация кабыл алышы күтүлүүдө. Конференция эртең соңуна чыгат. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG