Кечээ кечинде Түркиянын Бурса шаарында түрк жана армян президенттери Абдулла Гүл менен Серж Саркисян футболду бирге отуруп көрүштү. Оюндун соңунда бир кылымдай убакыт касташып келген мамлекеттердин президенттери дипломатиялык алаканы түзүүдө көп ийгиликтерге жетишкени көрүнүп турганын айтышты. Бул эки мамлекет дипломатиялык мамилени түзүү боюнча келишимге болгону бир нече күн мурда жетишкен эле. Былтыр күзүндө да эки мамлекет футбол матчын Ереванда өткөрүшкөн. Ага түрк президенти Абдулла Гүл барган болчу.