Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 21:40

Президент Казакстанга жөнөп кетет


Кыргыз президенти Курманбек Бакиев Казакстанда боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгуусуна байкоо салуу үчүн бүгүн Алма-Атага жөнөп кетет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов “Азаттыка” билдирди. ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн машыгуусу 16-октябрда болот. Машыгуунун биринчи этабы Беларуста өткөн эле.

XS
SM
MD
LG