Бүгүн Кытайга башталган расмий сапарынын алкагында Кыргызстан өкмөт башчысы Игорь Чудинов Кытай парламентинин төрагасы У Банго менен жолугушту. У Банго Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси ылдам жана дурус өнүгүп жатканын билдирген. Өз кезегинде Игорь Чудинов Кыргызстан Кытай мамлекети менен достук жана кошуналык мамилеге жогору баа берерин белгилеген. Расмий сапарынын алкагында Игорь Чудиновдун Кытайдын башка жетекчилери менен да жолугушуусу белгиленген. Эки тарап андан сырткары парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө да көңүл бурушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)