Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Италия өкмөтү британиялык гезиттин маалыматын төгүнгө чыгарды


“Таймс” гезити Италия анын контингенти жайгашкан аймакты тынч кармоо үчүн талиптерге пара төлөгөн деп жазып чыккан. Италиянын премьер-министри Силвио Берлусконинин кеңсеси макаланы “негизсиз” деп атаса, коргоо министри аны “жеткен сандырак” катары сыпаттады. “Таймс” “Батыштын аскерий жетекчилерине” жана “НАТОнун офицерлерине” шилтеме жасап жазганына караганда, италиялыктар Сароби чөлкөмүндөгү лашкербашчыларга жана Талибанга 10 миңдеген доллар төлөшкөн. Макалада ошондой эле Италия былтыр чөлкөмдү өз көзөмөлүнө өткөрүп алган франциялыктарга аймак кооптуу экенин эскертпей койгон деп жазылган. Көп узабай ал жерде Француз контингентинин 10 жоокери буктурмага кабылып каза тапкан. Франция куралдуу күчтөрүнүн маалымат өкүлү британ гезитинин кабарын “негизсиз” деп комментарийледи.

XS
SM
MD
LG