Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

БУУнун Коопсуздук кеңеши 5 убактылуу мүчөсүн атады


Улуттар уюмунун башкы Ассамблеясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында бейшембиде Бразилия, Нигерия, Габон, Ливан, Босния жана Герцеговина Коопсуздук кеңешинин беш утурумдук мүчөсү катары тандалды. Алардын мандаты келерки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Коопсуздук кеңешинин 10 утурумдук мүчөсүнүн ичинен эки жылдык мөөнөткө жылына жашыруун добуш берүү аркылуу башкы Ассамблея беш убактылуу мүчөнү тандап алат. Коопсуздук кеңеши Улуттар уюмунун чечим кабыл алуудагы эң негизги бутагы катары белгилүү. Анда чечимдерге вето салуу укугун алган беш туруктуу мүчө бар. Булар: Британия, Кытай, Франция, Орусия жана АКШ.

XS
SM
MD
LG