Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Премьер-министр баштаган делегация Кытайдан келди


Өкмөт башчы Игорь Чудинов баштаган делегация Кытайдагы иш сапарынын маалында коңшу мамлекеттин бийлик өкүлдөрү менен алты маанилүү документке кол коюуга жетишти. Кыргыз өкмөтү менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосунда биргелешкен Коммуюникесине премьер-министр Игорь Чудинов менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао кол коюшту. Кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосунда техникалык экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууга Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен Кытайдын Тышкы иштер министри Чен Цземин кол коюшту. Мындан тышкары Нарын-Торугарт жол участогун реканструкциялоого жеңилдетилген кредит тууралуу макулдашууга жана банктар аралык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын эксперти Болот Жумабаев билдирди. Ал темир жол боюнча сүлөшүүлөр дагы жемиштүү болгонун кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG