Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Баткенде Чек ара бузгандар кармала элек


Кечээ чек арачылар Баткен облусунун аймагындагы тоо арасында изилдеп- тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бүгүн ал иш улантылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, 14-октябрда кечки саат 23:00дө Баткен облусундагы Көк-Таш чек ара бекетине куралдуу он чакты киши Тажикстан аймагынан сүрүлүп качып келип, Кыргызстан чек арачыларына туш келип ок атышуулар болгон. Атышуу болгон жерде куралчандардын буюм салган баштыгы, октордун гильзалары, граната табылган. Кагылышууда кыргыз чек арачылары жабыркаган эмес. (AJ)

XS
SM
MD
LG