Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Өзбекстан менен газ, энергетика боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн парламентте билдирди. Анын айтуусунда энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри И. Давыдов менен “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси С. Айтикеев бүгүн түштө Өзбекстанга учуп кетишти. Алар коңшулар менен газ маселесин гана эмес, энергетика тууралуу да сүйлөшмөкчү.

Белгилүү болгондой Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр түйүнүнөн чыгарын билдирген. 15-октябрга белгиленген иш-чара эртеңкиге калтырылганы айтылууда. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отун үчүн 19 млн. доллар карызынын 5 млн. долларга жакынын төлөгөнү кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG