Жарандык авиация департаменти Кыргызстандын “Боинг-737-200” учактарына учууга тыюу салган. Бирок бул чечим сот тарабынан жокко чыгарылганын департаменттин жетекчиси Александр Настаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Көптөгөн учкучтар аба компаниялар учактарды техникалык жактан жаңыртууга каражат бөлбөй жаткандыгын айтышат. Акыркы убакта эле үч учактын кыймылдаткычы иштебей калган. Алардын себебин азыркыга чейин билбейбиз”, дейт А.Настаев. Эскерте кетсек, 9-октябрдан 10-октябрга караган түнү Пакистандын Исламабад шаарында ЕХ-25004 борт номурлуу Кыргызстандын «Исток-Авиа» компаниясына таандык учак абага көтөрүлүп, бир кыймылдаткычы иштебей кайра жерге келип конууга мажбур болгон. (КЕ)