Пешавар шаарында полиция бөлүмүнүн жанында дүрмөттөлгөн машина жарылып, кеминде 11 киши набыт болду. Жарылуудан ага катар турган мечит да жабыркады. Кечээ куралчан жоочулар Лахор шаарында 40тай кишини өлтүрүп кетишкен. Соңку 2 жуманын ичинде Пакистанда согушкерлердин кол салууларынан 150дөн ашуун адам каза тапты. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү болсо Ооганстан менен чек ара аймагында талиптерге каршы ири операция жүргүзүүгө даярданышууда.