Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

БУУ резолюция кабыл алды


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Газа тилкесиндеги согуш кылмыштары үчүн Израилди жана “Хамас” тобун айыптаган докладды колдогон резолюцияны кабыл алды. Кеңештин 25 мүчөсү документке колдоо көргөзүшсө, 6 өлкө, анын ичинде АКШ жана бир нече европалык мамлекет каршы добуш беришти. Дагы 11 мүчө калыс калды. Докладда БУУнун иликтөө комиссиясы менен кызматташпагандыгы үчүн Израилдин дарегине сын айтылган. Палестин бийлигинин расмий өкүлү Саеб Эрекат жана “Хамастын” маалымат өкүлү добуш берүүнүн жыйынтыгын кубатташты. Израилдин ички иштер министри Эли Йшаи болсо аны “дипломатиялык фарс” жана жөөттөргө каршы багытталган чечим катары сыпаттады. Эки тарап тең докладда айтылган айыптоолорду четке кагышкан. Документ Израил жана палестина мыйзам бузууларды иликтешпесе, Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга үндөйт. Израил декабрь-январь айларында “Хамастын” согушкерлерине каршы өткөргөн аскерий операция учурунда Газада миңден ашуун карапайым адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG