Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Ысык-Көлдө жазуучу Асылбек Исмаиловду эскеришти


Жазуучунун жубайы Төлөйкан Исмаилованын "Азаттыкка" маалымдашынча, бүгүн Кара-Ой айылында жазуучунун элесине куран окулуп, эстелигине гүл коюлду.

Асылбек Исмаилов өткөн жылы өзөктөгөн дарттан оңоло албай Бишкекте каза тапкан. Ал көп жылдар бою “Кыргызстан маданияты” жумалыгында иштеген. Бир топ идиректүү сатиралык аңгемелердин автору болчу. Социализм заманындагы коомго жат, терс көрүнүштөрдү сатиранын бутасына алып калемпир тил менен сындап турчу. Эгемендик тушунда анын сатиралык чыгармачылыгы көбүн эсе саясий түс алып, жаңы чыкма бийлик төбөлдөрүнүн иш аракетин сынга алып келген. (SA)

XS
SM
MD
LG