Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Борбор Азия - өзөктүк куралдан эркин келишиминин жыйыны өттү


Борбор Азия аймагы - өзөктүк куралдан эркин келишимине кирген өлкөлөрдүн биринчи консультативдик отуруму Ашхабад шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова жетектеп барды. Отурумда келишимге кирген өлкөлөрдөгү өзөктүк куралсыз абал жана кызматташуунун келечек пландары талкууланды. Ошондой эле Борбор Азия аймагы өзөктүк куралдан эркин келишими эл аралык жолугушууларда катыша турган координаторун шайлады. Келишимдин кийинки отуруму Өзбекстанда өтөт.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан биригип, 2006-жылы Казакстандын Семипалатинск шаарында аталган келишимге кол койгон. Ал боюнча Борбор Азия аймагы өзөктүк куралдан эркин деп жарыяланган. Келишим 2009-жылдын 21-мартынан тарта күчүнө кирген. (SA)

XS
SM
MD
LG