Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Пакистан армиясы Түштүк Вазирстанда чабуул баштады


Ооганстанга чектеш бул аймак Талибандын таяныч бекети катары эсептелинет. Талибдерге каршы бүгүн жерден башталган чабуулга 30 миңден ашуун жоокер тартылууда. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында жоокерлерге абадан учактар менен тик учактар колдоо көргөздү. Бүгүн башталган чабуулга чейин бир нече ай бою согушкерлердин Түштүк Вазирстандагы буталарына абадан сокку урулуп келди. Согушкерлердин коргонуу жөндөмүн алсыратууга башгытталган аба соккулары бирок он миңдеген жөн-жай тургундарды аймктан качууга да мажбурлады. Кеңири масштабдагы азыркы операция согушкерлердин Исламабад, Пешавар, Лахор шаарындагы чабуулу 160тан ашуун адамды мерт кылгандан эки апта өткөн соң орун алып олтурат.

XS
SM
MD
LG