Кечээ Тольяти шаарынын көчөлөрүнө чыккан бир нече миң адам Орусиянын автомобиль жасоочу ири ишканасында жумуштан массалык түрдө бошотууларга каршылык билдиришти. АвтоВаз экономикалык кризистин шартында продукциясына суроо- талап азайгандыгына байланыштуу 100 миңден ашкан жумушчу орундун 27600үн кыскартаарын өткөн аптада жарыялаган.