Өлкөнүн ички иштер министрлигинин кечээги билдирүүсүндө бийлик башкалаада аракеттенген талиб согушкерлеринин камакка алынышына алып барган маалыматы үчүн кимге болбосун 2 миллиондой афгани же 40 миң доллардай төлөп берүүгө даяр экендиги айтылат. Мындай жарыя жанкечтилердин ооган башкалаасындагы бир нече чабуулунун соңунан жасалды. Алардан соңку эки айда ондогон адамдардын өмүрү кыйылды.