Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ооганстан: Карзай менен Абдулла чогуу иштешүүгө даяр


Быйылкы президенттик шайлоодогу башкы атаандаштар: азыркы президент Хамид Карзай менен доктор Абдулла Абдулла шайлоодон кийинки кризистен чыгуу үчүн бирге иштешүүгө даяр экендиги тууралуу бүгүн Кабулдан Франциянын тышкы саясий мекемесинин башчысы Бернар Кушнер билдирди. Ал Кабулда президент Карзай жана анын атаандашы Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

20-августа болгон шайлоодогу добуштардын баштапкы санагы 54,6% добуш менен Карзай алдыга чыкканын көргөзгөн. Бирок шайлоо олуттуу бурмалоолор орун алды деген ырастоолор менен коштолду.

Мыйзам бузууларды иликтөө үчүн түзүлгөн, Улуттар уюму колдогон комиссия өз тыянагын бүгүн жарыялаары күтүлүүдө. Ооганстандагы саясий кризис тереңдеп кетишинен чоочулаган дүйнө лидерлери болсо соңку күндөрү өз тынчыздануусун билдирип, Карзайга да, Абуллага да телефон чалышты.

XS
SM
MD
LG