Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Эртең Исмаил Исаковдун соту болот


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттыкка” билдиргендей, ага байланыштуу соттук кароо эртең саат 10.00дө Бишкек шаардык Аскердик гарнизондук сотунда болмокчу. Исмаил Исаковдун айтымында, ага байланыштуу жасалма козголгон кылмыш иштеринде негиздүү далилдер жок жана алар саясий себептерге байланышкан.

Мурдагы коргоо министри, Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков оппозициядагы таасирлүү инсандардын бири. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин бийликтин буюртмасы жана аны саясий аренадан четтетүүгө болгон аракет катары баалап келүүдө.

И.Исаковго карата кызматта турган кезинде мамлекеттик мүлккө зыян келтирген деген айып тагылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG