Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Иранда кол салуудан революциялык гвардиянын беш офицери каза тапты


Окуя бүгүн өлкөнүн түштүк –чыгышында болду. Жанкечти жасаган жардыруудан жалпысынан отуздай киши мерт болду. Ирандын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, каза тапкандардын бири өлкөнүн элиталык аскерий бөлүгү– Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн командачысынын орун басары, генерал Нурали Шуштари.

Расмий ИРНА жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, жанкечти өзүн революциялык гвардиянын офицерлери жергиликтүү уруу башчыларынын жыйынына катышып жаткан кезде жардырып жиберген.

Окуя болгон Систан –Балучистан - Ирандын Ооганстан жана Пакистан менен чектеш провинциясы.

Кабарларга караганда, кол салуу үчүн сунниттердин “Жундалла” же “Алланын жоокерлери” деген тобу жоопкерчилик алды. Аталган топ шийиттер үстөмдүк кылган Ирандын өкмөтүнө каршы.

Систан –Балучистан провинциясында болсо исламдын сунни багытын карманган жана аз сандагы балучилер жашайт.

XS
SM
MD
LG