Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:23

Астанада бийликке каршы нааразылык жыйыны өттү


Оппозициячыл маанайдагы “Адилеттүү Казакстан” кыймылы уюштурган митингке “Азаттыктын” казак кызматынын кабарлоосуна караганда, 300дөй адам катышты. Анда түрдүү социалдык топтордун өкүлдөрү көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүп, бийликтин алардын жөндөй албай жатканына нааразылык билдиришти.

Өткөн аптада Казакстандын оппозициячыл маанайдагы “Азат”, “Алга”, Коммунисттер жана Жалпы улуттук Социал-демократтар партиялары билдирүү таратышып, казак өкмөтүнүн кризиске каршы чараларын натыйжасыз деп бааларын белгилешкен. Алар ошондой эле элди 18-октябрда бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG