Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

АКШ азырынча Ооганстанга кошумча аскер жибербейт


“Ооганстандын жаңы өкмөтү, анын иштери жөнүндө тереңирээк түшүнүк албай туруп, ал жакка аскер жиберүү – шашкандык болуп калат”, - деп айтты CNN телеканалына Ак Үйдүн расмий өкүлү Рас Эмануэл. Жаңы өкмөт, анын айтымында, Американын “чыныгы өнөктөшү” экенин көрсөтүшү керек. Ооганстанда 20-августта өткөн президенттик шайлоонун акыркы расмий жыйынтыктары азырга чейин белгисиз. Добуштардын көпчүлүк бөлүгүн президент Хамид Карзай алганы айтылганы менен, шайлоодо массалык бурмалоолор болгону кабарланган. Айрым аймактарда добуштар кайра саналган. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгып калышы керек.

XS
SM
MD
LG