Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Баткенге чектеш тажик шаарында төрт жоочу өлтүрүлдү


Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын CA-NEWS агенттиги жазып чыкты. Агенттик тажик ИИМинин маалымат кызматына шилтеме берип жазганына караганда, Кыргызстанга чектеш Исфара шаарында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда Түркстан ислам кыймылынын (мурдагы Өзбекстан ислам кыймылы) төрт жоочусу жок кылынып, дагы бирөө кармалган. Үч саатка созулган атышуунун натыйжасында бир милиция кызматкери да жараат алып, жоочулардан кол пулемет, эки Калашников автоматы, үч тапанча, жардыруу иштери боюнча адабияттар табылган. Мындан сырткары бул жоочулар 15-октябрда Кыргызстандын аймагына кире качып, кыргыз чек арачыларынын аларды кармоо аракети учурунда из жашырып кеткен куралчан топтун курамында болушу ыктымалдыгы четке кагылган эмес.

Баткен чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов болсо “Азаттыкка” мындай кабарды укканын, бирок тажик тараптан расмий билдирүү болмоюн аны тастыктай албастыгын билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз-тажик чегиндеги расмий өткөрүү бекеттери жабык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Тажикстандын Ворух анклавы дале курчоодо.(SM)

XS
SM
MD
LG